Reporter.kg
Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Reporter.kg, News & Media Website, Frunze.
Франциялык киноактриса жана «Амели» аттуу культтук тасманын жылдызы Одри Тоту Кыргызстанга келди. Ал IV Бишкек эл аралык кинофестивалынын башкы коногу болду.
Эски аянтта актрисаны күйөрмандары жана фестивалдын коноктору жылуу тосуп алышты. Одри Тоту журналисттер менен баарлашып, кинематография тармагында карьера курууну кыялданган жаш кыргызстандыктарга баалуу кеңештерин берди.
07/06/2026
7-июнь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаайт
Бүгүн, 7-июнда, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, ошондой эле Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, эң салкын аба ырайы Ысык-Көл жана Нарын облустарында сакталат. Бишкекте күндүз абанын температурасы 29…31°C чейин жетет.
Чүй облусу: түнкүсүн 13…18°C, күндүз 28…33°C
Талас облусу: түнкүсүн 11…16°C, күндүз 27…32°C
Ош облусу: түнкүсүн 13…18°C, күндүз 28…33°C
Жалал-Абад облусу: түнкүсүн 13…18°C, күндүз 26…31°C
Баткен облусу: түнкүсүн 12…17°C, күндүз 27…32°C
Ысык-Көл облусу: түнкүсүн 5…10°C, күндүз 17…22°C
Нарын облусу: түнкүсүн 7…12°C, күндүз 18…23°C
Бишкек: түнкүсүн 15…17°C, күндүз 29…31°C
«Жүрөк менен көрүү»: Бишкектеги жаштар көрүү жана угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берүүнү кантип үйрөнүп жатышат?
«Жүрөк менен көрүү» инклюзивдүү волонтёрдук мектеби жаштарды көрүү жана угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берүүгө үйрөтүүдө. Катышуучулар Брайль арибин жана жаңдоо тилинин негиздерин өздөштүрүп, келечекте коомдо инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүүгө салым кошушат.
Сиздин оюңузча, мындай долбоорлор коомго канчалык керек? Пикириңизди комментарийге калтырыңыз!
06/06/2026
7-8-июнь күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүү коркунучу бар. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Жарандарга кооптуу аймактарга баруудан кармануу сунушталат. Өзгөчө кырдаал жаралса, 112 номерине чалуу керек. Жергиликтүү кызматтарга арыктар менен каналдарды тазалоо жана жээктерин бекемдөө тапшырылды. Кененирээк маалымат:
Шашылыш билдирүү! Айрым аймактарда сел жүрүү коркунучу сакталууда 7-8-июнь күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел
Click here to claim your Sponsored Listing.
Category
Contact the business
Telephone
Website
Address
Frunze