Manas Ata Sapat
Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Manas Ata Sapat, School, Турдалиева 119, Talas.
02/01/2025
Бүгүн, 2025-жылдын 2-январында, "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин жалпы мүлкү, мөөрү расмий ээлик кылуучу "Маариф" түрк фондуна өткөрүлүп берилди. Мындан аркы ишмердүүлүк боюнча бардык юридикалык жоопкерчилик "Маариф" фондуна тиешелүү экендигин билдиребиз.
01/01/2025
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин интернет сайтында түн жарымда (31.12.24 саат 00.24) чыккан каттоо маалыматы аркылуу мекемебиздин Маариф фондуна өткөндүгү тууралуу кабардар болдук. Сайттагы маалыматтарга ылайык, 3 ээлик кылуучу мекеме көрсөтүлгөн.
Алар:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
2. Эл аралык Маариф билим берүү мекемеси
3. Түркия Маариф фонду.
Жетекчиси катары Түркия Республикасынын жараны Хүснү Биржан жазылган.
Буга чейин соттун чечими аркылуу “Сапаттын” 4 түзүүчүсүнүн бири болгон Орхан Инанды куруучулардын курамынан чыгарылган, ал эми экинчи түзүүчүсү М. Ж. өз ыктыяры менен “түзүүчүлүктөн баш тартты” делген. Ошону менен “Сапаттын” түзүүчүлөрүнүн курамында КР Билим берүү жана илим министрлиги менен дагы бир түзүүчү А.С. калган. КР Билим берүү жана илим министрлиги А.С. мырзаны түзүүчүлөрдүн курамынан чыгаруу үчүн сотко кайрылган. Сот аталган ишти 2024-жылдын 30-декабрында кароого коёт, бирок А.С. мырзанын башка мамлекетте болгондугуна байланыштуу, ишти кароону 2025-жылдын 21-январына жылдырган. Тагыраак айтканда, А.С. мырзанын түзүүчү укугу мыйзам түрүндө уланып жаткан.
“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин кийинки соттук отурумду күтпөстөн, чукул арада Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшү мекеме жетекчилиги, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер үчүн күтүүсүз болду. “Сапаттын” мыйзамдуу түзүүчүлөрү катары өз укугубузду КР мыйзамдарынын негизинде жана эл аралык укук талаасында коргоо боюнча аракетибизди көрөбүз.
Өлкөбүздүн жана жаштарыбыздын келечеги сапаттуу билим менен өнүгө турганына терең ишенген билим берүүчүлөр катары 32 жылдык эбегейсиз эмгектин мөмөсү болгон мектептерибиздин сапатынын үзгүлтүксүз улануусу негизги тилегибиз.
“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин жалпы жамаатын эч кандай провокацияга алдырбастан, сабырдуулук менен окуучуларыбыздын билим алуу процессин үзгүлтүккө учуратпай өз ишин улантууларына чакырабыз.
30/08/2024
"Манас Ата" Талас лицейине 2024-2025 окуу жылы үчүн Мурзаматов Жоомарт агай мүдүр болуп дайындалды.💎
Лицейибизди ийгиликке жетелеген, жалпы мугалимдер жамаатына жана окуучуларга өрнөк болгон мыкты жол башчы болооруна ишенебиз жана ийгилик каалайбыз!🎉
Click here to claim your Sponsored Listing.
Category
Contact the school
Telephone
Website
Address
Турдалиева 119
Talas
724200